Ссылки доступа

Футбол: Тажикстан Сауд Арабиясына 1:0 эсебинде утулду


Футбол боюнча Тажикстандын улуттук курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Сауд Арабия командасына 1:0 эсебинде утулду.

"G" тайпасындагы Сауд Арабия жана Тажикстан курама командаларынын ортосундагы беттеш 22-мартка караган түнү Эр-Рияд шаарындагы "Аль-Авваль Парк" стадионунда өттү. Беттештеги жалгыз голду талаа ээлеринин капитаны Салим ад-Даусари оюндун 23-мүнөтүндө киргизди. Ал тажикстандыктардын эки коргоочусун алдап өтүп, айып аянтынын сыртынан кубаттуу сокку узатты. Дарбазачы Рустам Ятимовдун топту тосуу аракетинен майнап чыккан жок.

Оюндун экинчи жарымында тажик футболчулары активдүү аракеттерди көрүп, бир нече жолу голдук абалдарды жаратканы менен ийгиликке жетише алган жок.

"G" тайпасындагы экинчи жуптун беттешинде Иордания курамасы Пакистандын командасын 3:0 эсебинде утуп алды. Үч голду тең коноктордун жарым коргоочусу Муса Аль-Тамари киргизди.

Учурда "G" тайпасында тогуз упайы менен Сауд Арабиясы биринчи орунда. Тажикстан менен Иордания курамалары төрттөн упай топтоду. Азырынча Пакистан командасында бир да упай жок.

"G" тайпасындагы командалардын кийинки оюндары 26-мартта өтөт.

XS
SM
MD
LG