Ссылки доступа

ЕККУ: Тажикстандын Ягноб өрөөнүндө аялдар тамак жасоо үчүн күнүнө сегиз сааттан убакыт коротушат


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Тажикстандын Ягноб өрөөнүндөгү 20 кожолукту күндөн энергия алган жабдуулар менен камсыз кылды. Бул иш "Борбор Азиядагы аялдардын энергетика тармагындагы экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү" долбоорунун алкагында жасалды.

Табигый энергия менен 449 киши жашаган Тоолуу Ягноб өрөөнүндөгү Гармен, Хишортаб жана Кул айылдарынын тургундары камсыз болушту.

Уюмдун буга чейинки изилдөөсү аймакта тамак даярдоо процесси толугу менен аялдардын мойнунда экенин көрсөткөн. Ага ылайык, бул иш менен көбүнчө орто мектепти гана аяктаган 30-40 жаштардагы аялдар алектенип, күнүнө алтыдан кем эмес кишиден турган үй-бүлө үчүн тамак жасайт. Алардын жарымынын 18ге чыга элек балдары бар, ар алтынчысынын күйөөсү чет өлкөдө миграцияда жүрөт.

Бул аялдар тамак жасоо үчүн 70% учурда жыгач, аз гана учурда көмүр, жаратылыш жана суюлтулган газ колдонушат. Жыйынтыгында алар убактыларынын көбүн отун терип келүүгө жумшашат.

"Изилдөөгө ылайык, алар күн сайын отун чогултууга 4-5 сааттан убакыт коротсо, ысык тамак даярдоо үчүн дагы үч саат керек болот. Жалпысынан бул өрөөндөгү аялдар тамак жасоо үчүн күнүнө 7-8 сааттан убактыларын коротушат", – деп жазышкан изилдөөнүн авторлору.

XS
SM
MD
LG