Ссылки доступа

Тажик бийлиги жарандардын телефондук сүйлөшүүлөрү тыңшалып жатканын четке какты


Тажикстандын Байланыш кызматы "жаңы эрежелерге ылайык" жарандардын Whatsapp мессенжериндеги сүйлөшүүлөрү тыңшалып, социалдык түйүндөр көзөмөлдөнүп жаткандыгы тууралуу билдирүүлөрдү четке какты.

"Байланыш кызматы жана операторлор тарабынан эч кандай жаңы эрежелер киргизилбегенин маалымдайбыз. Байланыш тармагындагы ишмердүүлүк азыркы мыйзамдардын негизинде кадимки режимде уланып жатат", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Байланыш кызматы уюлдук операторлордун бардык абоненттерин "мындай жалган маалыматтар менен ушактарга" ишенбөөгө чакырды.

"Мындай маалыматтар менен ушактар коомдо дүрбөлөң жаратууга кызыкдар болгон чагымчыл адамдар тарабынан таратылып жатат деп эсептейбиз", – деп айтылат билдирүүдө.

Тажикстанда жарандардын телефондук сүйлөшүүлөрү тыңшалып жатканы жөнүндөгү маселе буга чейин да көтөрүлгөн. Privacy International аттуу британиялык бейөкмөт уюм 2014-жылы жарыяланган баяндамасында тажик полициясы атайын жабдуулардын жардамы менен телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшай ала турганын белгилеген.

Тажикстандын Конституциясы ар бир жаранга жазышуулардын, телефондук сүйлөшүүлөрдүн, почта же телеграф аркылуу жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн купуялуулугун кепилдейт. Бул укук соттун тиешелүү чечими менен гана чектелиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG