Отурум башталарда судья сот арачылардын коллегиясын сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салды. Анын курамы шаршемби күнү эртең менен жабык жыйында аныкталган.
Соттун чечими менен журналисттер залга киргизилбей, отурумдун жүрүшүнө башка бөлмөдөн онлайн режимде көз салышты.
Отурумда прокурор Айжан Аймаганова айыптоо корутундусун окуп, Бишимбаев аялына "системалуу түрдө физикалык зомбулук көрсөтүп келгенин" билдирди. Тергөөнүн версиясына ылайык, Нукенова күйөөсү сабагандан кийин алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Сотто экс-министр тагылган айыптоолорду дагы бир жолу четке кагып, "атайылап мыкаачылык менен" адам өлтүрбөгөнүн билдирди.
Бишимбаев менен чогуу анын тууганы Бахытжан Байжанов да соттолууда. Ага "Кылмышты жашыруу" беренеси менен айып тагылган. Ал судьянын "күнөөңүздү мойнуңузга аласызбы?" деген суроосуна кылмыш кылган-кылбаганын билбей турганын айтып жооп берди.
Сот бул иш боюнча кийинки отурумду 29-мартка дайындады.
44 жаштагы Куандык Бишимбаев 31 жаштагы аялы Салтанат Нукенованы өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталууда. Анын адвокаттары иш "Этиятсыздыктан улам адам өлтүрүү" беренеси менен каралышы керектигин билдирүүдө. Экс-министр бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.