"Эч кабар жок. Күтүүдөн башка эч кандай аргабыз жок", – деди Сабит Аширалиевдин агасы.
"Инимдин күнөөсү болсо далилдешсин. Ал өлгөндөн кийин сөөгүн бизге беришсин да", – деди Жанибек Таскуловдун эжеси Айгерим Таскулова.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен (ТИМ) Аширалиевдин жана Таскуловдун сөөгүн Орусиядан алып келүү менен Улуттук коопсуздук комитети (УКК) алектенип жатканын билдиришти. Буга чейин "Азаттыктын" казак кызматы бул маселе боюнча УККга кат түрүндө расмий кайрылган. Бирок мекемеден редакцияга дале жооп келе элек.
7-мартта ФСБ "Москвадагы синагогага кол салуу уюштурууга даярдаган" деп шектелген эки казак жараны Калуга облусунда өлтүрүлгөнүн билдирген. Алар дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө террорчу деп таанылган "Ислам мамлекети" уюмунун ооган канатынын мүчөлөрү экени айтылган. Шектүүлөр кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөнү маалымдалган. Федералдык коопсуздук кызматынын Калуга облустук башкармалыгы шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүүгө алганда курал-жарактар, ок-дарылар жана колго жардыруучу зат даярдоо үчүн керектүү болгон компоненттер табылганын билдирген.
8-мартта "Астра" телеграм-каналы атын атагысы келбеген булактарга таянып, шектүүлөр менен атайын күчтөрдүн ортосунда атышуу Коряково айылында болгонун жазган. Журналисттер каза болгондор 35 жана 32 жашта экенин белгилеп, алардын ысымдарын да аташкан. Билдирүүдө алар Орусияга 28-февралда көчүп барышканы белгиленген.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети "ФСБ менен биргеликте" казак жарандарынын өлүмү боюнча сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүп жатканын билдирген.
7-мартта АКШнын Орусиядагы элчилиги Москвада жакынкы эки күндүн ичинде террордук чабуул коркунучу өтө жогору болорун эскерткен. 8-мартта бир катар Батыш өлкөлөрү жана Түштүк Корея да ушундай эле эскертүү тараткан.