Маалыматка караганда, 31 жаштагы жигит шаардагы дүкөндөрдүн биринде "Крокус Сити Холлдогу" кол салууну актаган пикирин ачык айткан. Ал эмне деп айтканы так белгисиз.
Сот чечим чыгарууда анын чет өлкөнүн жараны экенин, туруктуу каттоого турган жана жашаган дареги жоктугун эске алган.
Бул Орусияда "Террорчулуктуу актоо" беренеси менен акыркы күндөрү козголгон алгачкы кылмыш иши эмес.
Өткөн жумада Петербургдун Выборг райондук соту Тажикстандын 26 жаштагы жараны Баходур Зухуровду эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Зухуров Телеграм-чаттардын биринде Москвадагы кол салууну актаган билдирүү калтырган.
22-мартта Москвадагы концерттик залда болгон кандуу калабада кеминде 144 кишинин өмүрү кыйылган. Алар камуфляж кийген төрт кылмышкердин аткылоосунан, андан кийин башталган өрттөн каза болушкан. Айрымдары оор абалда ооруканага жеткирилип, ошол жактан жан бергени кабарланды. Акыркы маалыматтарга ылайык, кол салуудан 551 адам жараат алган.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу өз мойнуна алды. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу 11 шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен төрт киши - Далержон Мирзоев, Саидакрам Ражабализода, Шамсидин Фаридун жана Мухаммадсобир Файзов "теракты ишке ашырууга" шектелип, эки айга камалды. Алардын баары сотко жеткирилгенде кыйноого кабылганы даана көрүндү. Төртөө тең Тажикстанда туулуп-өскөнү белгилүү болду.