Ссылки доступа

Президент Садыр Жапаров "чет элдик өкүл" мыйзамына кол койду


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдарга "чет элдик өкүл" деген макам берүүгө жол ачкан "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мамлекет башчысы 2-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазып, мыйзамга кол койгонунун себебин түшүндүрдү.

Ал жергиликтүү бейөкмөт уюмдар бул мыйзам боюнча чет өлкөлүк өнөктөштөргө туура эмес маалымат бергендиктен алар документке кол койбоону суранышканын, мыйзам өкмөттүк эмес уюмдардын ачык-айкын иштөөсү үчүн керек экенин жазды.

"Аларды биздин өкмөттүк эмес уюмдар алдап жатышат. "Бизге куугунтук болот. Бизди чет өлкөнүн агенти деп камашат" деген сыяктуу жалган маалыматтарды жеткирип жатышат. Алар ишенип алышкан. Ошол үчүн бул мыйзамга кол коюудан баш тартышымды суранып жатышат. 30 жылдан бери бирөөсүн дагы чет өлкөлүк донорлор менен иштештиңер, баланча суммадагы акча алдыңар деп куугунтуктабаган эми куугунтуктамак белек", - деп жазды президент.

Садыр Жапаров президент катары "эч кандай куугунтук болбойт" деп кепилдик берерин белгиледи жана буга чейин бейөкмөт уюмдарды отчет бербей келген деп айыптады.

14-мартта "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган. Мыйзамда айрым жарандарга "Чет элдик өкүл" деген макам берүүгө жол ачылат, кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

Адам укугу, сөз эркиндиги жаатындагы эл аралык уюмдар, бир катар өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, мыйзамга кол койбоого чакырган. АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери тынчсыздануусун билдирген.

Алар Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Салык кызматына каражаты тууралуу отчёт берип жатканын, мыйзам алардын ишин көзөмөлдөп, жабууга чейин алып барарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG