Маалыматка караганда, шектүүлөр Вахдат, Рогун жана Нурек шаарларынын тургундары, баары тең Нооруз майрамынын алдында кармалган.
"Алар 25-мартта Душанбеде Нооруз майрамы белгиленип жаткан маалда эл эң көп чогулган учурда теракт уюштурууну көздөшкөн. Шектүүлөргө кылмыш иши козголуп, атайын кызмат Башкы прокуратура менен биргеликте тергөө иштерин жүргүзүүдө. Учурда алардын Москвадагы террордук чабуулдан кийин камакка алынгандар менен байланышы бар-жоктугу иликтенип жатат", – деп билдирди радионун укук коргоо органдарындагы булагы.
Кармалгандардын арасында жашы жете электер да бар экени кабарланууда.
29-мартта "Азия-Плюс" басылмасы менен Reuters агенттиги өз булактарына таянып, Тажикстанда "Крокус Сити Холлдогу" окуяга байланыштуу тогуз киши кармалганын жазышкан.
22-мартта Москванын чет жакасындагы "Крокус Сити Холл" борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын ону тергөө абагына камалды. Камалгандардын сегизи теги тажикстандык экени белгилүү болгон.
"Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин каза болгондор 144кө жетти. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон. Маалыматты маркумдардын биринин жакындары "Азаттыкка" ырастаган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аларды каза болду деп айтууга азырынча эрте деген маалымат тараткан.