Ссылки доступа

Казакстандагы ири банк орусиялык "Мир" карталарын тейлөөнү токтотту


2-апрелде бир катар казак жана орус басылмалары Казакстандын Halyk Bank'ы орусиялык "Мир" төлөм системасынын карталарын тейлөөнү токтотконун жазышты.

Маалыматты банктын байланыш борбору ырастап, 27-февралдан тарта "бардык операциялар токтотулганын" билдирди.

"Казинформ" агенттиги жазгандай, бул банкоматтарга да, POS терминалдарга да тиешелүү. Чектөөлөрдүн себептери айтылган жок.

Күн мурун Кыргызстанда 5-апрелден тарта Орусиянын "Мир" карталарын тейлөө токтотулары кабарланган.

Кыргызстандын Банктар аралык процессинг борбору мындай чечимдин кабыл алынышына АКШнын Каржы министрлигинин Орусияга каршы киргизген экономикалык санкциясы себеп болгонун билдирген.

Чечимге ылайык, Кыргызстандын аймагындагы банкоматтар "Мир" карталарын кабыл алууну токтотуп, колдонуучулар алар аркылуу офлайн-дүкөндөрдө жана интернетте төлөм жүргүзө албай калышат. Ошондой эле өлкөнүн төлөм системасынын ичинде картадан картага акча которуу мүмкүндүгү да токтойт.

АКШ "Мир" карталарынын оператору эсептелген Орусиянын "Улуттук төлөм карталар системасы" ишканасына гана санкция салган. Бирок өткөн жылдын соңунда АКШнын президенти Жо Байден Орусияга салынган санкцияларды бузган бардык уюмдарга каршы чектөөлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берген жарлыкка кол койгон.

Буга чейин "Мир" карталарын тейлөөнү Армениянын дээрлик бардык банктары, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Вьетнамдын жана Түркиянын банктарынын бир бөлүгү, ошондой эле Samsung Pay жана Apple Pay системалары токтоткон.

XS
SM
MD
LG