Ссылки доступа

Тажикстандын үч жаранына Орусиянын аймагына өмүр бою кирүүгө тыюу салынды


Полициянын рейди. Архив сүрөт
Полициянын рейди. Архив сүрөт

Тажикстандык үч мигрантка Орусиянын аймагына өмүр бою кирүүгө тыюу салынды. Алар Орусияга Казакстан менен чек арадагы "Караузек" көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу кирүүгө аракет кылышкан.

Тажик мигранттары "Озоди" радиосунун кабарчылары менен анонимдүү түрдө байланышып, 2-майда аталган бекеттеги чек арачылар эч нерсе түшүндүрбөстөн эле паспортторуна Орусиянын аймагына өмүр бою кирүүгө тыюу салган штамп басышканын билдиришти.

"Биз себебин сурадык, бирок эч ким түшүндүргөн жок. Мындан тышкары эгер дагы суроолорду берсек камакка алышарын айтып коркутушту. Паспортторубузду бир нече сааттан кийин кайтарып беришти. Азыр Өзбекстанга баратабыз", – деди мигранттардын бири.

Анын айтымында, алар Орусияда жүрүү мөөнөтүн мыйзамдаштыруу үчүн өлкөдөн чыгып, кайра кирүүгө аракет кылышкан.

Москванын четинде жайгашкан "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы теракттан кийин Орусиянын шаарларында мигранттарды текшерүү күчөдү. Мигранттар күч түзүмдөрдүн кысымына жана ксенофобиялык мамилелерине даттанып, алар жатаканаларына кирип барып, сабап, Орусиядан күч менен чыгарып жатышканын билдирүүдө.

23-мартта терактка шектүү катары Тажикстандын төрт жараны кармалган. Алар бөгөт чарасы каралган сотко ур-токмоктун издери менен, бирөө майыптар арабасында жарым-жартылай эс-учун жоготкон абалда жеткирилген. Интернетке кармалгандардын биринин кулагы кесилгени тартылган видеолор тараган.

Сотто кармалгандардын күнөөсү далилдене элек, бирок орусиялык ЖМКлар аларды "террористтер" деп атап жатышат. Орусиядагы тажиктерге каршы маанайдын фонунда мигранттар ксенофобиялык агрессияга көп даттанууда. Өлкөнүн түрдүү аймактарында кардарлар тажик улутундагы такси айдоочулардын кызматынан баш тартып жатканы тууралуу маалыматтар келүүдө. Мындан тышкары Орусиядан депортацияланган тажик мигранттарынын саны да көбөйүп жатканы кабарланууда.

Түрдүү маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Орусияда 1 миллионго жакын тажикстандык мигрант жашап жана иштеп жүрөт.

XS
SM
MD
LG