Ссылки доступа

Казакстанда кытай таануучу Константин Сыроежкин түрмөдөн чыкты

Казакстандык кытай таануучу, окумуштуу Константин Сыроежкин түрмөдөн чыкты. Ал 2019-жылы он жылга соттолгон.

Бул тууралуу саясат таануучу Антон Морозов 4-апрель күнү Фейсбуктагы баракчасына жазып, Сыроежкин менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Константин Сыроежкин беш жылдан ашуун убакыт түрмөдө отурду.

Саясат таануучу 2019-жылы февралда кармалган. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Сыроежкинге мамлекеттик чыккынчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошол эле жылы октябрда Алматы шаарынын соту илимпоз Константин Сыроежкинди мамлекеттик чыккынчылык үчүн 10 жылга түрмөгө кескен. Сот аны казак жарандыгынан ажыратуу чечимин чыгарган, бирок апелляциялык сот казак жарандыгынан ажыратуу, өлкөдөн депортациялоо жана Казакстанга кирүүгө тыюу салуу түрүндөгү кошумча жазаларды жокко чыгарган.

Америкалык Wall Street Journal (WSJ) басылмасы өз булагына таянып "Сыроежкин Кытайга жашыруун маалыматтарды өткөрүп берип, ал үчүн акча алып турган болушу мүмкүн" деп жазган. Гезит белгилегендей, кытай бийлиги окумуштуунун ишин "жок жерден ойлоп табылган айыптоо" деп мүнөздөгөн. WSJ ошондой эле Сыроежкин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев премьер кезинде анын кеңешчиси болуп иштегенине көңүл бурган.

67 жаштагы Сыроежкин СССР КГБсинин Жогорку мектебин аяктаган, Кытай боюнча эң алдыңкы адистердин бири болуп эсептелчү. Орус, англис жана кытай тилдеринде чыккан миңден ашуун макалалардын автору.

2006-жылдан бери Казакстандын президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунда илимий улук кызматкер болчу.

XS
SM
MD
LG