Ссылки доступа

Казакстанда каза болгон өзбекстандыктардын сөөгү мекенине жеткирилди


Казакстандын Актөбө облусундагы кырсыктан каза болгон Өзбекстандын сегиз жаранынын сөөгү атайын учак менен мекенине жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, маркумдардын сөөгү 5-апрелде Сурхандарья облусунун Термез эл аралык аэропортуна аскердик учак менен жеткирилген.

Кырсык 3-апрелде "Самара – Чымкент" автожолунун Актөбө облусундагы бөлүгүндө (678-чакырымында) катталган. Өзбек жарандары бараткан Toyota-Аlhpard автоунаасы Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында жеңил машинедеги сегиз өзбекстандыктын баары (1 айдоочу жана 7 жүргүнчүсү) кырсык болгон жерде мүрт кетишкен.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, трассада бараткан жүк унаасынын дөңгөлөгү жарылып, айдоочу рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып кеткен.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен атайын өкмөттүк комиссия түзүлүп, ал каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүү жана жерге берүү иштерин уюштуруу менен алектенери кабарланган.

Трагедияга байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Шавкат Мирзиёевге көңүл айтып, телеграмма жолдогон.

XS
SM
MD
LG