Ссылки доступа

Тажикстан Италияда кармалган жараны тууралуу маалымат берди


Тажикстандын Ички иштер министрлиги Италияда тажик жаранынын кармалганы тууралуу ЖМКларда тараган маалыматка комментарий берди. Кабарда Римде Рудаки районунун тургуну, 32 жаштагы Илхом Сайрахмонзода Тажикстандын Ички иштер министрлигинин өтүнүчү менен кармалганы айтылат.

Ведомствонун маалыматы боюнча, "жогоруда аты аталган адам 2018-жылдын июль айынан бери бир катар террористтик-экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн расмий издөөдө жүргөн".

Учурда Сайрахмонзоданы Тажикстанга экстрадициялоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат.

Италия полициясы Тажикстандын бул жараны он жыл мурун Сирияга согушуу үчүн барганын, ал жерде "ИМге" ант бергенин маалымдаган. Ал 8-апрель күнү эртең менен Эйндховенден (Голландия) учуп келери менен Римдеги Фиумисино аэропортунда кармалган.

Италия полициясынын маалыматы боюнча, ал "ИМдин" ишине катышкан деген айып менен издөөдө жүргөн жана Өзбекстан, Кыргызстан, Украина жарандарынын бир нече жасалма паспортторун колдонгон.

Италиянын ички иштер министри Маттео Пиантедоси тажик жаранынын кармалышын "полициянын талыкпаган ишинин абдан маанилүү натыйжасы" деп атады.

22-мартта Москвадагы концерттик залда теракт болгон. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу өз мойнуна алган. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу ондон ашык шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен тажикстандык төрт киши "теракты түздөн-түз ишке ашырууга" шек саналып, эки айга камалган.

Тажикстан жарандарынын ысымдары Иран аймагындагы акыркы үч теракт учурунда да айтылган.

Быйыл март айынын башында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дин өкүлдөрү менен жолугушууда үч жыл ичинде өлкөнүн 24 жараны он өлкөдө теракт жасаганын же аларды даярдаган деп шектелип жатканын мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG