Тажик жарандары Грузиянын аймагына эмне себептен киргизилбей жатканы белгисиз.
"Грузияга тажик элчилигине документтерди тапшыруу үчүн келдим. Документтердин пакетин көрсөттүм, бирок алар мени киргизбей коюшту", — деген видеодогу тажик жарандарынын бири.
Мындай тенденция март айынан бери байкалууда, бирок тажик бийлиги кырдаалга реакция жасай элек.
Тажик журналисти Анушервон Арипов 26-мартта өзү менен кошо тажикстандык бир нече жаран Грузиянын аймагына кире албай калганын билдирген.
"Мен үй-бүлөм – жубайым жана эки кичинекей балам менен элем. Биз Грузияга туристтик максатта кирүүнү пландаганбыз, бирок чек ара бекетинде бизди өткөрбөй коюшуп, Владикавказга кайтууга аргасыз болдук. Ал күнү Тажикстандын дагы сегиз жаранын өткөрбөй коюшкан", - деген ал.
Москванын четиндеги "Крокус ситидеги” теракттан кийин көптөгөн өлкөлөрдө тажик жарандарына карата мамиле өзгөрдү. Маселен, Түркия Тажикстан жарандарына кайрадан виза режимин киргизди.