Икромов – президент Эмомали Рахмондун 2023-жылы Германияга сапарына каршы акцияга катышкандардын бири. Алар Икромов өз мекенинде кыйноого кабылып, узак мөөнөткө абакта отурушу мүмкүн деп кооптонушат.
2023-жылы 29-сентябрда Рахмондун Берлинге сапары маалында бир топ тажик качкындары нааразылык акциясын өткөрүп, анда президенттин кортежине жумуртка ыргытышкан.
Фаррух Икромов 2016-жылы жубайы жана балдары менен Тажикстандан чыгып кетип, Польшада жашай баштаган. Анын адвокаты 15-апрелде активист Душанбеге депортацияланганын кабарлады.
Польша бийлиги кырдаал боюнча комментарий берген жок.
Тажикстандагы саясий барымтадагыларды жана туткундарды куткаруу боюнча жарандык комитеттин жетекчиси Абдусаттор Бобоев “Польша Икромовго башпаанек берген эмес” деп билдирди.
"Мындан улам ал бир нече ай мурун Германияга кеткен, бирок ал жактан кайра Польшага жөнөтүлгөн. Ал мыйзамсыз мигранттардын лагеринде кармалып турган. 10-апрель күнү телефон чалганбыз, ал эмнегедир сүрөткө тартышканын айткан. Бир күндөн кийин телефону иштебей калды. Анын адвокаты Икромов Польшадан чыгарылганын айтты", - деп билдирди Абдусаттор Бобоев.
Фаррух Икромовдун жакындарынын айтымында, ал саясий ишмердүүлүк менен алектенген эмес, бирок жубайы буга чейин Тажикстандын азыр тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясынын” мүчөсү болгон. 2015-жылы тажик бийлиги аны террордук уюм деп таап, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салгандан кийин бул үй-бүлө куугунтуктан коркуп Польшага көчүп кеткен.