"Бизге суу келе элек. Пахта эгип койгонбуз, суу жок эмне кыларыбызды билбейбиз. Мурдагы жылдары апрелде суу берилип калчу. Быйыл жок. Былтыр да суудан кыйналганбыз. Азырынча бул жылы кырдаал кандай болорун божомолдой албайбыз", – деди чек арага жакын жайгашкан Бобожон Гафуров районундагы дыйкан чарбасынын төрагасы Анвархуджа Гадойхуджаев.
Ушул эле райондогу "Гулрез" дыйкан чарбасынын жетекчиси Бахром Охунов быйыл алардын талааларына аз гана көлөмдө суу келгенин билдирди.
Бобожон Гафуров районунун тургундары Кожо-Бакырган-Сай дарыясынан барган сууну колдонушат. Ал Лейлек районундагы Кулуңду айылы аркылуу Тажикстандын Овчи-Калъача айылына өтөт.
"Овчи-Калъача жамаатына болгону 300-500 гана литр суу келип жатат. Азыр коңшуларыбызда буудай сугаруу мезгили, ошондуктан бизге суу аз келүүдө", – деди Охунов.
Былтыр суу тартыштыгынан улам Тажикстандын Кыргызстан менен чектешкен Жаббор Расулов районунда айдоо жерлердин көбү кургап, дарактардагы мөмөлөр быша электе эле күбүлүп калган. Анда дыйкандар буга чейин Кыргызстандан эч көйгөйсүз эле суу алып келишкенин айтып, 2023-жылы эки ай бою талаага суу келбегенине даттанышкан.
"Өткөн жылы суу да, жамгыр да болгон жок. Бир гектар жерден 300-400 килограммдан дан алып, кеткен чыгымды да жаба алган жокпуз", – деди "Маданият" дыйкан чарбасынын башчысы Хабибулло Турсункулов.
Ал бир жума мурда Кожо-Бакырган-Сайдан сугат жана ичүүчү суу келгенин билдирди. "Буга чейинки жылдарга салыштырмалуу азыр коңшуларыбыз менен мамилебиз жакшы. Кыргыз тарап суу берди. Мирабдар (суу бөлүштүрүү үчүн жооптуу адамдар) быйыл сууга байланышкан абал жакшы болоруна ишендирүүдө", – деди Турсункулов.
Согд облусунун чек арага жакын аймактарындагы дыйкандар Кыргызстан быйыл суу берсе түшүм мол болот деп үмүттөнүүдө.
Ал арада президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Согд облусунун башчысы Ражоббой Ахмадзоданын өткөн жумадагы сүйлөшүүсүндө негизги тема "сугат иштерине даярдык көрүү" болгону кабарланууда. Ал жолугушуунун чоо-жайы жөнүндө кеңири маалымат берилген эмес.