Эл аралык автоунаа байланышы тууралуу макулдашуунун тиешелүү протоколуна 18-апрелде, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Душанбеге жасаган сапары учурунда кол коюлган. Документтин текстин Тажикстандын Транспорт министрлиги 23-апрелде жарыялады.
Мекеменин маалыматына караганда, 2018-жылдан бери "эки өлкөнүн ортосунда жана өлкөлөрдүн аймагы аркылуу транзиттик жүк жана жүргүнчү ташууда айдоочулардан уруксат алуу талап кылынып келген. Министрлик эки тарап кол койгон документ өлкөлөрдө тиешелүү процедуралардан өтүп, ратификациялангандан кийин күчүнө кирерин кошумчалады.
"Бул макулдашуу жүктү жеткирүү мөөнөтүн кыйла кыскартып, жүктүн бузулуп кетүү же жабыркоо тобокелдигин азайтат", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Быйыл январдын аягында айдоочулар тажик-өзбек чек арасындагы "Фотехобод-Ойбек" көзөмөл-өткөрүү бекетинен өтүүдө кыйынчылыктарга кабылып жатышканына даттанышкан. Алардын айтымында, Тажикстандын Транспорт министрлиги жүк ташуучу унааларга бере турган уруксат кагазы тартыш болуп, чек арада узун кезек жаралган.
"Биз бланк кагаздарды басып чыгарбайбыз, алар коңшу өлкөдөн келет. Ошондуктан күтүүгө аргасыз болуп жатабыз", – деген анда Тажикстандын транспорт министри Азим Иброхим.
Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы тажик тараптан айдоочуларга жалпысынан 8 миллион долларга 80 миңге жакын уруксат кагазы берилген.