Бул тууралуу ведомствонун сайтындагы билдирүүдө айтылат.
Gazeta.uz маалымдагандай, айыпталгандар өткөн жайда Германиянын батышындагы Түндүк Рейн-Вестфалияда кармалып, ошондон бери камакта. Алардын арасында Түркмөнстан менен Кыргызстандын эки, Тажикстандын беш жараны бар. Алар "бири-бирин көптөн бери билишет жана радикалдуу исламды жакташат", - деп белгиледи прокуратура.
Ведомствонун маалыматына ылайык, айыпталуучулар 2022-жылы жазында Украинадан Германияга өтүп, теракт уюштуруу үчүн террордук топ түзүшкөн. Бул үчүн алар ырааттуу жолугуп, чабуул буталарын текшерип, курал-жарак сатып алууга аракет кылышкан. Тартип сакчылары белгилегендей, колго түшүрүү маалында аларда атайын кол салуу планы болгон. Кармалгандар "Ислам мамлекети" террордук тобунун Ооганстандагы “ИМ-Хорасан” уячасынын мүчөлөрү менен да байланышып турушкан.
Топтун бир мүчөсүнөн башка айыпталуучулар “ИМ” үчүн акча чогултуп, 2022-жылдын апрелинен 2023-жылдын майына чейин террористтерге бир нече миң евро которгону да белгиленди.