Тажикстандын 24 жаштагы жараны Лутфулло Назримад "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы терактка байланыштуу кармалган 11 айыпталуучунун бири. Тергөө ал терактты ишке ашыргандарды каржылоо схемасына катышкан деп эсептөөдө.
Буга чейин орусиялык басылмалар Назримад теракт болгон күндүн эртеси, 23-мартта кармалганын кабарлашкан. Анда Преображенский райондук соту "коомдук тартипти бузганы үчүн" аны 15 суткага административдик камакка алган. Бирок көп өтпөй ага "Крокустагы" терактка тиешеси бар деген айып тагылып, 22-майга чейин камакка алынган. Сот отурумдары жабык өткөндүктөн, айыпталуучунун бул боюнча позициясы белгисиз.
Назримаддын адвокаты ал күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алганын билдирди. Лутфулло Назримад камакка алынышын мыйзамсыз деп таануу өтүнүчү менен Москва шаардык сотуна 15-апрелде кайрылган.
Буга чейин бул иш боюнча айыпталып жаткан дагы төрт жаран - Мухаммадзоир Шарифзода, Аминжон, Диловар жана Исроил Исломовдор да ушундай эле өтүнүч менен апелляциялык арыз беришкен. Бирок Москва шаардык соту алардын да арызын канааттандырган эмес.
22-март күнү кечинде камуфляж кийген бир нече киши Подмосковьедеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына кирип барып, андагы адамдарды аткылашкан. Көп өтпөй имаратта өрт чыккан. Расмий маалыматтар боюнча, анда 144 киши өлүп, 550 адам жаракат алган.
24-апрелде Орусиянын Мамлекеттик думасынын вице-спикери Ирина Яровая Орусиядагы, анын ичинде "Крокус Сити Холлдогу" теракттарды чет өлкөлөрдөн уюштурган жана каржылаган адамдар өмүр бою эркинен ажыратылышы керектигин айткан.