Алар өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевге, облус акимине, ошондой эле "КазМунайГаз", Oil construction company жана Senym guard компанияларынын жетекчилерине видеокайрылуу жасап, саатына төлөнө турган тарифтик ченди көбөйтүүнү өтүнүштү.
Алардын айтымында, азыркы тарифтик чен 993 теңгеден ашык болсо, тендерден утуп чыккан компания 767 теңгелик (1,7 доллар) тарифтик ченди сунуштоодо.
"Биз мунай чыккан жерде иштейбиз, бул жакта экологиялык маселелер бар. Баалар жогору болгондуктан, 126 миң теңге айлык эч нерсеге жетпейт. Маңгыстау облусуна азык-түлүктүн баары башка аймактардан келет. Тамаш-аш жана кийим-кече кымбат. Балдарыбызды багып, насыяларды төлөшүбүз керек. Айлыкты 300 миң теңгеге чейин жогорулатууну өтүнөбүз", – деди аты-жөнүн айткысы келбеген жумушчулардын бири.
Senim Guard компаниясынын Актау шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Жаныбек Алибекулы жумушчулардын талабы тууралуу маалыматы бар экенин айтып, алардын маянасын жогорулатуу маселеси буйрутма берген компанияга байланыштуу экенин билдирди.
"Биз жалданма компаниябыз, өз чөнтөгүбүздөн акча төлөп бере албайбыз. Эгер буйрутма берүүчү компания кошумча чыгымдарга макул болуп, айлыктарды жогорулаткыла десе, биз кошуп беребиз. Азыр ар квартал сайын төлөнүүчү сыйакыларды кошуп эсептегенде жумушчулардын айлыгы 196 миң теңгеге жетет", – деди Алибекулы.
24-апрелде бул боюнча жумушчуларга түшүндүрмө берилген. Өз кезегинде алар иштен кетпей тургандыктарын, ошол эле маалда маянаны жогорулатуу талабынан да баш тартпай тургандыктарын айтышты.