Ссылки доступа

Кулубаев Москва өкмөтүнөн кыргызстандык мигранттар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү өтүндү


Өлкөнүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москва шаарынын Тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Сергей  Череминди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Москва шаарынын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Жээнбек Кулубаев Москвада иштеген кыргызстандыктардын саны арбын экенин белгилеп, Кыргызстандан барган эмгек мигранттарына ыңгайлуу шарттарды түзүү өтүнүчү менен кайрылды.

Өз кезегинде орус тарап Бишкек шаарындагы "Московский дом" маданий-ишкер борборунун натыйжалуу иштешине кызыкдар экенин билдирип, бул эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө көмөктөшөрүн белгиледи.

Кулубаев эмгек мигранттары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү өтүнүчү менен Орусияда борбор азиялык мигранттарга каршы рейддер көбөйүп жаткан учурда кайрылды. Орусиялык укук коргоо кызматкерлери миграциялык мыйзамдарды бузгандарды аныктоо ишин 22-мартта Москванын жанындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон теракттан кийин күчөттү.

XS
SM
MD
LG