Ссылки доступа

Өзбекстандын Миграция агенттиги: өлкө жарандары Орусияга тоскоолдуксуз киргизилүүдө


Өзбекстандын Тышкы миграция боюнча агенттиги өлкө жарандары Орусияга эч тоскоолдуксуз киргизилип жатканын билдирди. Буга чейин интернетте казак-орус чек арасындагы өткөрмө бекеттерде жана Москва аэропортторунда өзбек, кыргыз жана тажик жарандары токтотулуп, Орусияга киргизилбей жатканы кабарланган.

Агенттиктен белгилешкендей, мекеменин өкүлдөрү Москвадагы "Внуково", "Шереметьево" жана "Домодедово" аэропорттору менен байланышып, өзбекстандыктарда Орусиянын аймагына кирүүдө эч кандай маселе жаралбаганын аныкташкан.

Мындан тышкары алар Оренбург, Самара жана Саратов облустарындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттердеги абал менен да таанышышкан.

"Анын жыйынтыгында аталган облустардагы чек ара бекеттери кадимки режимде иштеп жатканы жана Өзбекстандын жарандары Орусияга эч тоскоолдуксуз киргизилип жатканы белгилүү болду", – деп жазылган агенттиктин билдирүүсүндө.

2-майда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) өз жарандарын Орусияга барбай турууга чакырган. Ага чейин Тажикстан ТИМи да тажик жарандарына "зарылчылык болбосо" Орусияга убактылуу барбай турууну сунуштаган. Анын алдында бир нече жума бою Тажикстандын жарандары жапырт түрдө Орусиянын аймагына киргизилбей жатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG