Ссылки доступа

Өзбекстанда дагы бир аял күйөөсүнүн колунан каза болду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жизакта 25 жаштагы аял күйөөсүнүн колунан жан берди. Ал  жубайын катуу сабап, андан соң муунтуп өлтүргөн. Бул тууралуу Nemolchi.Uz сайты билдирет.

Маалыматка караганда, Жизак облусунун Шараф-Рашидов районундагы үйлөрдүн биринен күйөөсү өлтүргөн делген аялдын сөөгү табылган.

«Алардын үй-бүлөсүндө чыр-чатак токтогон эмес. 2022-жылы олуттуу жаңжал чыгып, андан кийин ал төркүнүнө кетип калган. Ага коргоо ордери чыгарылган. Анын кантип каза болгонун билбейбиз, бирок үч жашар баласы атасы аны таяк менен сабаганын айтты», - деди маркумдун эжеси.

Бул аялдардын коргоо ордери болгонуна карабай күйөөлөрүнүн колунан каза болгон биринчи учур эмес.

– Маркумдун күйөөсү үй жыйналбаганына нааразы болгон. Мындан тышкары ал аялы Telegram жана Instagram баракчаларында кимдир бирөө менен кат жазышып жатканын көрүп, чыр салган. Анын мындай аракетине кызганыч себеп болду деп ойлойм, - дейт жергиликтүү активист.

Аялдын өлүмү боюнча облустук прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары башталды.

XS
SM
MD
LG