Документте бул үчүн каражат Өзбекстандын республикалык бюджетинен бөлүнөрү белгиленген.
Маалыматка караганда, акчалай жардам согуштун катышуучулары менен майыптарына салтанаттуу түрдө тапшырылат.
Өзбекстанда былтыр согуштун ардагерлери менен майыптарына төлөнгөн сумма 18 миллион сумду (азыркы курс боюнча 1,4 миң доллардан ашык) түзгөн.
Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 6-майына карата Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 174 ардагери жашаган.