Ссылки доступа

Маралды тургундары алтын фабрикасын курууга кайрадан каршы чыгышты

8-майда Чыгыш Казакстан облусунун Куршим районундагы Маралды айылынын ондогон тургундары айылга жакын жерде курулуп жаткан алтын чыгаруучу фабриканын ишин токтотууну талап кылышты.

Шаршембиде алар бул завод курулуп жаткан аймакка келишти. Жергиликтүү бийлик айылга атайын күчтөрдү жөнөтүп, ишкананын курулушуна чектеш жерлерди кайтарууну күчөттү.

Бул арада социалдык тармактарда куралдуу спецназдын офицерлери топтолгону тартылган видеолор тарады.

Анда чогулган тургундар Казакстандын гимнин ырдап, компетенттүү органдардан заводдун курулушун токтотууну талап кылышканын көрүүгө болот.

"Бул акыркы үч жылдан бери өз өлкөсүн, жерин, таза суусун коргоп келген элдин жан кайгысы. Эл кайрылбаган жер калган жок. Баарынан түңүлдүк", - деди чогулгандардын кайрылуусун окуган адам.

Казак бийлигин Маралдыдагы митинг мыйзамсыз өткөнүн билдирди.

"Жыйындын аягында Маралда айылынын 100гө жакын тургуну фабриканын курулушун токтотуу жөнүндө видеокайрылуу тартуу үчүн курулуш аймагына келишти. Алар фабриканын ичине кирип барышты. Компаниянын жетекчилигинин айтымында, алардын кызматкерлери жабыркап, материалдык чыгым да болгон. Жеке коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ишкананын жумушчулары жана күзөтчүлөрү аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Полиция кызматкерлери жана СОБР чогулгандарды тартипти сактоого чакырып, мыйзамдарды түшүндүрүштү, бирок эч кандай күч колдонулган жок", — деп айтылат бийликтин маалыматында.

Билдирүүдө айтылгандай, бул факты боюнча Чыгыш Казакстан облусунун ички иштер башкармалыгы сотко чейинки иликтөө иштеринин алкагында тергөө амалдарын баштаган. Алардын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилиши керек.

Маралды айлына жакын жерде алтын чыгаруучу завод куруу долбоору 2022-жылы башталган.

Айыл тургундары жакын жерде алтын өндүрүүчү фабриканын курулушуна жана кенди цианид аралашмасы аркылуу ачык жол менен казууга макул эместигин бир нече жолу билдиришкен. Алардын айтымында, бул экологияга орду толгус зыян алып келиши мүмкүн, анын ичинде булактар булганат. Көз карандысыз экологдор алтын өндүрүүчү фабрика тоонун башында жайгашканын жана бул тоодон агып чыккан булактар дарыяга кошулуп, андан эл короосун, малын сугарарын белгилешет.

XS
SM
MD
LG