Ссылки доступа

Чымкентте акимдин мурдагы орун басары соттолду


Чымкент шаарынын кылмыш иштери боюнча райондор аралык соту калаа акиминин мурдагы орун басары Максут Исаховдун ишин карады. Бул тууралуу Фейсбуктагы "Чымкент соттору" баракчасында кабарланды.

Сот Исаховду өзгөчө ири өлчөмдө пара берген деп тапты. Максут Исахов март айындагы биринчи соттук отурумда күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирип, тергөө учурунда кысымга кабылганын айткан.

Исаховдун кармалганы былтыр июлда белгилүү болгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал ага каршы козголгон кылмыш ишин "токтотуу үчүн" Улуттук коопсуздук комитетинин департаментинин башчысынын орун басарына 200 миң доллардан ашык суммада пара берүүгө аракет кылган.

Жактоочу Исаховго карата иш бурмаланганын билдирүүдө.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Исаховдун күнөөсү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, соттук-медициналык экспертизанын корутундулары жана жашыруун жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен далилденген.

Соттук отурумдардын жүрүшүндө прокурор айыпты пара берүүдөн өзгөчө ири өлчөмдөгү пара берүүгө аракет жасоого өзгөртүп, айыпталуучуну сегиз жыл 5 айга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Сот Исаховду өзгөчө ири өлчөмдө пара алууга аракет жасаган деп таап, 8 жыл 5 ай 7 күнгө кести. Мындан тышкары ал мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан ажыратылып, мамлекеттик "Хүрмет" (Урмат) орденинен кол жууду.

Азырынча өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Максут Исахов Чымкенттин акиминин орун басары кызматына 2020-жылдын февраль айында дайындалган.

Transparency International уюму 2023-жыл үчүн түзгөн Коррупцияны кабылдоо индексинде Казакстан 180 өлкөнүн ичинен 93-орунду ээлеген.

XS
SM
MD
LG