Ссылки доступа

Жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөтүү үчүн жаза катаалдаштырылды


Президент Садыр Жапаров жашы жете электерди зордуктоого айыпталгандарга жазаны катаалдаштыруу үчүн Кылмыш-жаза кодексинин айрым беренелерин өзгөртүү жөнүндө мыйзамга кол койду.

Өзгөртүүлөргө ылайык, эми сот кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган эркектерге өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгара алат. Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинде мындай жазаны кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан жарандарга колдонууга болбойт деген норма бар болчу.

Мындан тышкары Кылмыш-жаза кодексине баланын жыныстык кол тийбестигине жана сексуалдык эркиндигине каршы кылмыш жасалган учурда жаза белгилебей туруп айыптоо өкүмүн чыгаруу мүмкүн эместигин белгилеген өзгөртүү киргизилди.

Жашы жете электерди зордуктоого айыпталгандарга карата жазаны катаалдаткан өзгөртүүнү парламент депутаты Марлен Маматалиев 2023-жылы декабрда сунуштаган.

Өлкөдө балдарга карата зомбулук үчүн жаза буга чейин да катаалдаштырылган. 2022-жылы балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыш үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтүн жана айыптын өлчөмүн жогорулатуу боюнча түзөтүүлөр кабыл алынган.

2024-жылы январда зордуктоо боюнча кылмыш иштери тараптар жарашса да жабылбай турганы жөнүндө мыйзам кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG