Төрт оппозициялык топту бириктирген Улуттук альянстын басма сөз катчысы Салим Султонзода ал жер тилкесин турак жай куруу үчүн 2008-жылы жергиликтүү бийликтин чечими менен алганын айтты.
Зафарабад районунун төрагасы Зуфар Исмоилзода аталган жер тилкеси чынында эле 16 жыл мурда Султонзодага бөлүнүп берилгенин ырастап, бирок кийин ал жерге "белгисиз бирөө үй куруп алгандыктан", тилке мамлекеттин пайдасына алынып жатканын билдирди.
Султонзоданын айтымында, акимчилик "белгисиз киши" деп айтып жаткан адам анын бир тууганы Халим Исобоев. "Европага кеткенге чейин мен ата-энемдин үйүндө жашагам. Мага бөлүнгөн жер тилкесине бир тууганыма үй куруп берип, ал аялы жана эки баласы менен акыркы 14 жылдан бери ошол жерде жашап келет. Эми райондук акимчилик жерди бөлүп берүү чечимин мыйзамсыз деп таап, аны мажбурлап алып койгону жатат", – деди Султонзода.
Ал бийликтин чечими юридикалык жактан негизсиз экенин айтууда. "Мен муну саясий чечим деп эсептейм. Бул мени саясий ишмердүүлүктөн баш тартууга мажбурлоо үчүн жасалып жаткан басым. Бийлик башка оппозиция өкүлдөрүн жана өкмөттү сындаган башка адамдарды да коркутуу үчүн ушундай кылып жатат", – деди Султонзода.
Зафарабад районунун төрагасы Зуфар Исмоилзода Султонзодага жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу чечими быйыл май айында жокко чыгарылганын, буга анын мыйзамсыз экени себеп болгонун билдирди. Анын айтымында, акимчилик Султонзоданын бир тууганы Халим Исобоевден жер тилкесин бошотуп коюуну бир нече жолу талап кылган.
"Бул үй-бүлө жерди өзүмбилемдик менен басып алган. Акимчилик аларга үйдү бошотуп койгула деп бир нече жолу эскертүү берген. Биздин бул талап аткарылбагандан кийин сотко кайрылууга аргасыз болдук", – деди ал.
Салим Султонзода Францияда башкалка алган. Ал социалдык түйүндөрдө дайыма Тажикстандын бийлигин, анын ичинде Зафарабад райондук акимчилигин сынга алып келет.
Freedom For Eurasia укук коргоо уюму 22-майда атайын билдирүү жарыялап, тажик бийлигин оппозиция өкүлдөрүн куугунтуктап, алардын Тажикстандагы мүлктөрүн тартып алып жатат деп айыптаган. Билдирүүдө буга мисал катары Салим Султонзода баштаган Европа өлкөлөрүндө жашап жүргөн бир нече активисттин учуру көрсөтүлгөн.