Ссылки доступа

Аксыда сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилди


Аксынын айрым аймактарында сел жүргөнүнө байланыштуу 26-майдан тарта районго өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматта Кара-Камыш, Сары-Челек, Үч-Коргон айыл аймактарында кокту-колоттордон чогулган сел суулар 56 турак жайдын короосун, алты үйдүн жер төлөсүн, төрт турак үйдүн ичине кирип, үч мал сарай урап калганы жазылган.

Мунун алдында Кезарт айылында сел коркунучунан улам 250 адам коопсуз жайга, туугандарыныкына убактылуу көчүрүлгөнү белгилүү болгон.

ӨКМ 25-майда кечки саат 7лер чамасында катуу жааган жаандан улам Кара-Жыгач—Кызыл-Көл жолунун 6-чакырымында сел жүргөнүн, Кара-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, анын жээгине жакын жашаган 60тан ашык үйдү суу каптоо коркунучу жаралганын кабарлаган.

Учурда селдин кесепетин жоюу, кырсыктын алдын алуу иштери жүрүп жатат. Жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, президенттин облустагы өкүлү баштаган топ жүрөт.

Кыргызстанда быйылкы жаз жаанчыл болуп, бир катар облустарда, аймактарда сел жүрүп, дарыялар, суулар ташкындады.

XS
SM
MD
LG