Парктын администрациясы 1-июнь күнү саат 12:00дө 20 миң жумшак оюнчук жана балмуздак бекер таратыла тургандыгы тууралуу билдирүүнү социалдык тармактарга жарыялаган. Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы сейил бакка бир убакта 40 миңге жакын жаранды чогултуу мүмкүн эместигин, ошондой эле жол кыймылынын жана жарандардын коопсуздугун сактоодо маселе жараларын эскертип, бул иш-чараны өткөрбөөнү талап кылган.
«Бирок парктын жетекчилиги массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча талаптарды аткарбай, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу бекер оюнчуктарды таратуу боюнча жарнактар жарыяланып, сейил бактын ичинде жана анын айланасында эл көп чогулуп, бул аракеттер жарандар үчүн коркунуч жаратты», - деп айтылат маалыматта.
Ташкенттин Яшнабад райондук соту парктын директорун жана директорунун орун басарын жоопкерчиликке тартып, 15 суткага административдик камакка алды.