Ссылки доступа

Казакстанда "Жетису" футбол клубунун директору эки айга камалды


Талдыкорган шаарынын тергөө соту жергиликтүү "Жетысу" футболдук клубунун директору Калмухамет Донсебаев камакка алынганын билдирди.

Буга чейин жергиликтүү агенттиктер "Жетысу" клубунун директору Калмухамет Донсебаев кармалганын кабарлашкан. Такталбаган маалыматтарга ылайык, ал 1,8 миллиард теңге (төрт миллион долларга жакын) уурдаган деп шектелүүдө.

Ачык маалыматтар боюнча, Калмухамет Донсебаев ишкер жана "Жетису" авиакомпаниясынын президенти кызматын ээлейт. Облустук маслихаттын депутаты болгон. 2022-жылы Казакстанда кезексиз президенттик шайлоонун алдында мамлекеттик сыйлык менен сыйланган.

"Жетысу" футбол клубунун директорунун камакка алынганы тууралуу кабар Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы спорт тармагында системалуу коррупциялык тобокелдик аныкталанын жарыялагандан кийин чыкты.

Мекеме белгилегендей, 2018-жылдан бери өлкөдө спорт тармагынын бюджети эки эсеге көбөйүп, 1,4 триллион теңгени түздү жана жакынкы бир нече жылда дагы 1,3 триллион бөлүү пландалууда.

Спорттук маалыматтарды талдоочу швейцариялык Sportradar компаниясы 2022-жылы Казакстанда 40тан ашык шектүү оюндар аныкталганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG