Ссылки доступа

Алматыда "жалган маалымат таратууга" айыпталган журналисттин апелляциялык арызы карала баштады


4-июнда Алматы шаардык сотунда ProTenge долбоорунун автору, журналист Жамийла Маричеванын апелляциялык арызы карала баштады. Буга чейин биринчи баскычтагы сот аны "жалган маалымат таратууга" күнөөлүү деп тапкан.

Бүгүнкү отурумда Маричеванын адвокаты Асель Токаева эмнеге буга чейинки соттун чечимин негизсиз деп эсептей турганын айтты.

"Сотто инспектор Ембергенов ага жетекчилиги протокол түзүү керектигин айткандан кийин түзгөнүн билдирген. Демек, иш жүзүндө протокол түзүүгө инспектор Ембергеновдун жана жетекчилигинин көрсөтмөсү себеп болгон", – деди Токаева.

6-майдагы сот отурумунда Астананын Нурин райондук полиция бөлүмүнүн башчысы иштин материалдарын Алматы шаардык полициясына жөнөтүү жөнүндө кат жазганы белгилүү болгон.

"Иштин материалдары менен бирге сотко жеткирилген бул кат алгач болгон эмес. Мен аны талап кыла баштаганда гана даярдалган. Административдик укук бузуу тууралу иш козгоо үчүн себептер жоктугунан улам бул кат мыйзамсыз даярдалган", – деди адвокат.

Өз сөзүндө ал биринчи баскычтагы соттун чечимин жокко чыгарууну жана административдик укук бузуунун курамы жок болгондугуна байланыштуу Жамиля Маричевага карата ачылган административдик ишти токтотууну өтүндү.

Судья Канат Молдашев тыныгуу жарыялады. Апелляциялык арыз боюнча чечимди жарыялоо 6-июнга белгиленди.

13-майда Алматынын административдик соту Жамиля Маричеваны "жалган маалымат таратууга" күнөөлүү деп таап, 20 минималдык эсептик көрсөткүч (168 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Тергөө журналисттин январда кызматкерлери аккредитация ала албай жаткан "Азаттыктын" казак кызматын колдоп, ProTenge баракчасына жарыялаган билдирүүсүн "жалган маалымат таратуу" деп эсептөөдө.

Жамиля Марчиева 24-апрелде Алматыда кармалып, Бостандык райондук полиция башкармалыгында бир нече саат сурак бергенден кийин бошотулган.

Марчиеванын ProТenge баракчасындагы билдирүүсүн YouTube'дагы "Обожаю" долбоорунун автору Асхат Ниязов бөлүшкөн. Кийин бул үчүн ага "Ушак таратуу" беренеси менен административдик иш ачылганы белгилүү болгон.

Апрелдин аягында сот мыйзам бузуунун курамы жок болгонуна байланыштуу Ниязовдун ишин кыскарткан.

XS
SM
MD
LG