Майдын аягында Орусиядан кайтып келген Душанбенин тургуну Садриддин Юсуфовдун айтымында, "Чи гап" тиркемеси миграцияда жүргөн тажикстандыктар үчүн өтө маанилүү. Ал өзү да Москвада иштеп жүргөндө Тажикстандагы жакындары менен аталган тиркеменин жардамы менен байланышып келген.
"Тажикстанда интернет жай болгондо жакындарым менен "Чи гап" аркылуу эч көйгөйсүз байланышып турчумун. Бирок бир жумадан бери тиркеме иштебей калды. Эмнеге экенин билбейбиз", – деди ал.
Tcell компаниясынан тиркеме техникалык себептерден улам убактылуу иштебей жатканын, жакынкы убактарда анын иши калыбына келтириле турганын билдиришти.
"Тиркеменин жаңы платформалар менен шейкештигине байланышкан маселе чечилгенден кийин ал кайра жүктөлүп, иши калыбына келет. Бул үчүн болжол менен 10 күндөй убакыт талап кылынат", – деди компаниянын Хилватшох Махмуд аттуу өкүлү.
"Чи гап" тиркемесин көбүнчө чет өлкөлөрдө иштеп же билим алып жүргөн тажикстандыктар колдонот. Анын артыкчылыктарынын бири – тиркеме колдонуучулары интернети жок абоненттер менен да сүйлөшө алышат.
"Чи Гап" – бул шаардык же интернетке туташуу мүмкүндүгү жок эски телефон колдонгон адамдарга да түз чалууга мүмкүндүк берген жападан жалгыз тиркеме", – деп жазылган Tcell компаниясынын сайтында.
Тажикстан дүйнөдөгү интернет ылдамдыгы өтө жай болгон өлкөлөрдүн катарына кирет. Мындан улам мигранттар башка мессенджерлер аркылуу мекениндеги жакындары менен байланышууда кыйынчылыктар болорун айтып келишет.