"Коштөбө жана бардык көмөкчү каналдар курулуп бүтсө, Ооганстандын жылдык кирешеси 470-550 миллион долларга жетиши мүмкүн", - деди Садид.
Бул каналдын курулушу аяктаса, Ооганстан буудай өстүрүүдө өзүн-өзү камсыздоого жетишип, өлкөнүн экономикасында олуттуу ийгиликтер болору белгиленүүдө.
Буга чейин талаштуу каналдын курулушунун биринчи этабы бүткөрүлгөн. Канал толугу менен аяктаса, Ооганстан Амударыядагы суунун 15 пайызын алат. Бул Өзбекстан менен Түркмөнстан үчүн олуттуу көйгөй жаратары айтылып келет.
План боюнча каналдын узундугу 285 чакырым, туурасы 100 метр, тереңдиги дээрлик 8,5 метр болушу керек. Курулуш долбоору беш жылга эсептелген.
Талибдердин айтымында, канал аркылуу Балх, Жаузжан жана Фарьяб провинцияларындагы 500 миң гектарга жакын жер сугарылат.