"7-июнда мага жана Медгат Калиевге "Жалаа жабуу" беренеси боюнча козголгон иш токтоду. Башкача айтканда сот биздин аракетибизден эч кандай жалаа жабуу фактысын тапкан жок. Мыйзамга ылайык, биз адегенде Башкы прокуратурага кайрылып, андан соң маалымат жыйындарын өткөрө баштадык", — деди Нурлан Бимурзин.
КазТАГ агенттиги белгилегендей, бул – казак соту экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кыздарынын дооматын четке каккан алгачкы учур. Соттун чечими азырынча жарыялана элек.
28-февралда Астанада өткөн маалымат жыйынында Нурлан Бимурзин шериги Мегдат Калиев экөө 2000-жылдардын башында мурдагы президенттин кичүү кызынын рейдерлигинин курмандыгы болгонун айткан. Ишкер бул факты боюнча кылмыш ишин козгоону суранган. Апрель айында экс-президенттин кызын рейдерликке айыптаган иш Экономикалык тергөө департаментине өткөрүлүп берилгени белгилүү болгон.
Апрель айында казакстандык ишкерлер, юристтер жана коомдук активисттер тобу да маалымат жыйынын өткөрүшкөн. Жыйынга "ТПК Азия" компаниясынын мурдагы кожоюну Нурлан Бимурзин да катышкан. Алар мурдагы президенттин жакындарынан жапа чеккенин айтышкан.
2022-жылдагы кандуу Январь окуясынан кийин Нурсултан Назарбаевдин туугандары таасирдүү кызматтарынан, өзү көптөгөн ыйгарым укуктарынан жана наамдарынан кол жууган.