Ссылки доступа

Алматы аэропорту бардык эл аралык каттамдарды жаңы терминалга көчүрдү


Казакстандын Жарандык авиация комитети Алматы аэропортундагы бардык эл аралык каттамдар жаңы терминалга которулганын билдирди.

"13-июнь күнү саат 23:13төн тарта эл аралык каттамдар боюнча Алматы аэропортуна келген бардык учактар жаңы терминалга (Т2) коно баштады. 14-июнда саат 01:00дөн тарта бардык эл аралык каттамдар аэропорттун жаңы терминалынан учуп жатышат", – деп жазылган комитеттин билдирүүсүндө.

Жаңы терминал ачылган 1-июндан бери ал аркылуу 310 эл аралык каттам аткарылып, дээрлик 44 миң жүргүнчү тейленди.

Учурда терминалды 33 авиакомпания, анын ичинде Казакстандын Air Astana, SCAT жана FlyArystan компаниялары тейлеп жатышат.

"Эски терминалда (Т1) бардык ички каттамдар аткарылат. Учурда учактарды токтотуу аймагын кеңейтүү максатында Т1 терминалын реконструкциялоо боюнча оңдоо-куруу иштери жүрүүдө", – деп билдирди мекеме.

Алматы аэропортунун жаңы терминалы 1-июнда ачылып, бир нече чет өлкөлүк каттамды кабыл алган. 2021-жылы апрелде Түркиянын TAV Airports холдинги аэропортту өз башкаруусуна алганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG