6-июнда Балдардын Акыйкатчы институтуна 24 жаштагы келин кайрылып, Казакстанда аталаш агасынын колундагы 12 жана 17 жаштагы сиңдилери сексуалдык зомбулукка кабылып жатканы тууралуу арыз жазган. Ал шектүүгө мыйзам чегинде чара көрүп, кыздарды Өзбекстанга кайтарууга жардам берүүнү суранган. Кыздардын ата-энеси өлүп калган.
Өзбекстан менен Казакстандын тиешелүү мекемелери 8-июнда кыздарды агасынын үйүнөн чыгарып, Алматыдагы оор кырдаалга кабылган балдардын адаптация борборуна жайгаштырышкан. Аларга бардык зарыл болгон социалдык-психологиялык колдоолор көрсөтүлүүдө.
17-июнда полиция шектүүнү кармап, ага Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Учурда кыздарды Өзбекстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.