Ссылки доступа

Ташкентте паранжа жамынган жигит кармалды

19-июнь күнү Ташкенттеги "Чорсу" базарында аялдардын паранжасын оронуп жүргөн жигит кармалды.

Gazeta.uz басылмасы укук коргоо органдарындагы өз булагына таянып жазгандай, паранжа жана бийик такалуу бут кийим кийген жигит Ташкент облусунун Бука районунун 22 жаштагы тургуну экени аныкталган.

Кармалган жаранга "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо", "Ички иштер кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруусуна каршылык көрсөтүү" жана "Коомдук жайларда өздүгүн аныктоого жол бербеген формада жүрүү" беренелери боюнча иш козголду.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2023-жылы күзүндө коомдук жайларда бети-башын жаап жүргөндөрдү жазалоого багытталган мыйзамдарга кол койгон.

Өзбекстанда коомдук жайларда адамдын өздүгүн аныктоого мүмкүндүк бербеген деңгээлде бети жабык жүргөндөр 3,4 миллиондон 5,1 миллион сумга чейин же 270дөн 400 долларга чейин айып пулга жыгылат.

XS
SM
MD
LG