Sunseeker Predator 115 үлгүсүндөгү яхта Сочиге Түркиядан быйыл февралдын аягында алып келинип, өткөн жылы декабрда ачылган "Аверс Трейд" компаниясына катталган.
Компаниянын негиздөөчүсү Олег Гарай аттуу адам. Ал Натан Винерге таандык эки компаниянын ("Градпроект" жана "Родина строй групп") башчысы болуп эсептелет. Журналисттер Гарайдын айлык маянасы жөнүндөгү маалыматтарга таянып, ал өзүнүн жеке кирешесине мындай суперяхта сатып ала алмак эмес экенин белгилешүүдө.
Басылма аталган яхта Натан Винердин апасы Ирина Винерге арналып алып келинген деп болжолдоодо. Ал Владимир Путиндин ишенимдүү адамы жана Алина Кабаеванын мурдагы машыктыруучусу катары белгилүү.
Буга чейин Алишер Усманов анын "шектүү" каржылык операциялары тууралуу "далилсиз билдирүүлөрдүн сериясын" жарыялаган деген жүйө менен UBS Europe SE (мурдагы UBS Deutschland AG) компаниясын сотко бергени кабарланган.