"Айлык төлөнө элегине беш айдын жүзү болду. Картага анда санда 400 миң сумдан которуп коюшат, ошону менен болду. Калган маянаны бербей жатышат. Декабрдын айлыгын январда бөлүп-бөлүп беришкен. Азыр эсептеп чыксак, акыркы беш айдан бери айлык төлөнө элек экен", - деди жумушчулардын бири.
Алардын айтымында, акыркы үч жылда Eriell Group жана Enter Engineering компанияларында айлык акыны кечеңдетүү кадимки көрүнүшкө айланган, бирок биринчи жолу беш айдан бери маяна төлөнбөй жатат. Жумушчулар жетекчилик эмгек акыны талап кылгандарды иштен кетиребиз деп коркутканын белгилешти.
"Мен ширетүүчү болуп иштеп, 5 миллион сум (болжол менен 400 доллар) айлык алам. Бирок ишканада бизден төрт-беш эсе көп айлык алган казакстандык, индиялык, түркиялык жана орусиялык жумушчулар бар. Азыр алардын да айлыгы кечиктирилип жатат", - деди дагы бир жумушчу
Enter Engineering жана Eriell компаниялары Кремлге ыктаган олигарх Бахтиер Фазыловго таандык.
Бул компаниялар Өзбекстанда 228 долбоорду, атап айтканда, тоо-кен жана металлургия, газ жана мунай , туризм жана башка түрдүү тармактарды модернизациялоого жана бир катар ири имараттарды эксплуатациялоого уруксат алган.
Өзбекстанда эмгек акы боюнча карыздардын статистикасы жарыяланбайт, бирок айлык акынын өз убагында же толук төлөнбөй калышы мамлекеттик ишканаларда да, жеке ишканаларда да өнөкөткө айланган.