Грециянын маалымат каражаттары 21-июндагы токой өртүнө казакстандык туристтер ижарага алган яхтадагы фейерверк себеп болгонун жазышкан. Гидра аралында болжол менен 300 миң чарчы метр аянтты өрт каптаган. Бул окуядан кийин экипаждын 13 мүчөсү – гректер камакка алынган.
Ал эми Inside Story, OCCRP жана "Власть" журналисттеринин колуна тийген документке ылайык, "Персефония I" яхтасындагы коноктордун арасында жети казакстандык болгон. Алардын арасында Казакстандагы эң таасирдүү бизнесмендердин бири Данияр Абилгазин да бар. Өрт чыккан күнү Абилгазин пайдаланган жеке учак Афина аэропортунан Алматыга учуп кеткен.
Яхтада Абилгазиндин уулу жана жубайы, Казакстандагы эң ири кайрымдуулук фонддорунун биринин жетекчиси Айдан Сулейменова жана анын орун басары болгону айтылды.
Мындан тышкары яхтада “Халык Банктын” башкармалыгынын төрайымы Үмит Шаяхметова жана анын күйөөсү, KMG International NV мунай компаниясынын мурдагы топ-менеджери Бейимбет Шаяхметов жана алардын кызы болгон.
Иликтөөчү журналисттер Абилгазин, Сулейменова жана Шаяхметова менен байланышкан, бирок алар азырынча кырдаал тууралуу жооп бере элек.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров Казакстандын консулу аралдагы өрт боюнча грек бийлиги менен байланышка чыкканын кабарлаган. Анын айтымында, полиция кармалгандардын арасында Казакстандын жарандары жок экенин жана аларга эч кандай доомат коюлбаганын билдирген.