Ссылки доступа

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери суракка чакырылганы кабарланды


Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаев атайын кызматка суракка чакырылганын адам укугун коргогон "Кылым шамы" уюму 2-июлда билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) бул тууралуу маалымат бере элек. "Азаттык" Карабаевдин жакындарынан же адвокатынан азырынча комментарий ала алган жок.

Буга чейин Карабаев Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан.

Ошондой эле экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирип, "Фейсбукка" бийликти сындаган пикирлерин жарыялаган. Анын айткандарына бийлик органдары комментарий берген эмес.

Карабаев 1-июлда Ноокаттагы селден жабыркагандарга жардамды өкмөттүн штабына тапшырбай, элге өз алдынча берүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG