Мурдараак жергиликтүү маалымат каражаттары 29-июнда 16 жаштагы бала менен 17 жаштагы кыздын үйлөнүү үлпөтү "Фатхобод" банкеттик залында болгонун жазышкан.
Бул фактынын негизинде Каракөл райондук ички иштер бөлүмү тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп, ата-энелерге “Нике курагы жөнүндө мыйзамды же никеге туруу эрежесин бузуу” беренеси боюнча протокол түзгөн.
Нике курагына жете элек адамдарды никеге тургузганы үчүн 7 негизги эсептик көрсөткүчтөгү (2,38 млн сум) айып салынды.
Маалым болгондой, ата-энелер диний жөрөлгө менен нике кыйдырган эмес, никени ЗАГСка каттаткан да эмес, үлпөт той гана өткөрүшкөн.
Өзбекстандын Үй-бүлө кодексине ылайык, никеге туруу курагы – эркектер үчүн да, аялдар үчүн да 18 жаш.