Ага ылайык, аскадан секирүү учурунда адам өлүмү менен коштолгон кырсык боюнча Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси ("Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү") менен кылмыш ишин козгогон. Буга иш тууралуу топтолгон материалдар жана маркумдун жакындарынын арызы негиз болгон.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
6-июль күнү саат 13:30 чамасында Чуңкурчак капчыгайындагы Flyjump спорт комлексинде аскадан секирүү учурунда аркан үзүлүп кетип, 39 жаштагы кыргызстандык жаран каза болгон. 25 метр бийиктиктен кулап түшкөн адамга медициналык жардам көрсөтүү аракети болгону, бирок андан майнап чыкпаганы кабарланган.