Мекеменин маалыматына караганда, 1-июлга карата таза алтындын көлөмү 11,7 миллион трой унциясын түзүп, 27,3 миллиард долларга бааланган. Июнда бул көрсөткүч 11,4 миллион трой унциясына ($26,8 млрд) барабар болгон.
Экономист Отабек Бакировдун пикиринде, алтын көлөмүнүн көбөйүп, бирок алтын-валюта резервинин азайышын "котировкалардын төмөндөгөнү" менен түшүндүрүүгө болот.
Буга чейин Алтын боюнча дүйнөлүк кеңеш апрель жана май айларында Өзбекстан алтын экспортун кескин азайтып, болгону 1 тонна гана сатканын билдирген. Бул өлкө февраль жана март айларында саткан алтындын көлөмүнөн 23 эсеге аз. Өзбекстан 2024-жылдын биринчи кварталында чет өлкөлөргө 23 тонна алтын экспорттогон.