9-июлда "Паёми Душанбе" басылмасы өлкөнүн Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана жемкорлукка каршы курөшүү агенттигине шилтеме кылып, Кароматулло Рахимзода менен филармониянын мурдагы эсепчиси 830 миң сомонини (78 миң доллардан ашык) кымырып алууга айыпталып, камакка алынганын жазган. Бирок бир канча сааттан кийин басылма ал билдирүүсүн өчүрүп салган.
Буга чейин аталган басылмага шилтеме кылып кабар жазган "Озоди" радиосу Рахимзоданын өзү менен байланышкан. Ал өзүнө кылмыш иши козголгонун жана камакка алынганын төгүндөп, бирок мурдагы эсепчиге иш козголуп, ал келтирилген чыгымды толугу менен төлөп бергенин билдирди.
Азырынча өлкөнүн Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана жемкорлукка каршы курөшүү агенттиги бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.
Тажикстандагы белгилүү ырчы Ситора Кароматуллонун атасы Кароматулло Рахимзода Мамлекеттик филармониянын директору кызматын 2022-2023-жылдары аркалаган. Ал маданият жана искусство тармагында көп жыл иштеп, Улуттук консерваторияда сабак берген. Тажик мамлекеттик маданият жана искусство институнда доцент, Музыкалык мектеп-интернатынын директору болгон.