Ссылки доступа

Өзбекстанда 14 жаштагы кызды "сексуалдык кулчулукта" кармагандар соттолду


Кашкадарыя облусунун Шахрисабз райондук соту 14 жаштагы кызды сексуалдык эксплуатациялоого айыпталган бир аялга жана эки кишиге карата өкүм чыгарды.

Кыз былтыр ноябрда балдар акыйкатчысына кайрылып, Н.А. аттуу аял аны май айынан ноябрь айына чейин үйүндө күч менен кармап, түрдүү адамдар менен жыныстык катнашка барууга мажбурлаганын айткан.

Анда балдар акыйкатчысынын өтүнүчү менен бул ишти Башкы прокуратура өз көзмөлүнө алганы кабарланган.

Соттун өкүмүнө ылайык, Н.А. "Адам соодасы" жана "Бойго жете электерди антисоциалдык жүрүш-турушка тартуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 7,5 жылга эркинен ажыратылды.

Бул беренелерден тышкары дагы "18ге чыга элек кызды зордуктоо" беренеси боюнча айып тагылган эки кишинин ар бирине тогуз жылдык жаза чегерилди.

Балдар акыйкатчысы белгилегендей, жаңы эрежелерга ылайык, аталган беренелер менен соттолгондор үчүн жазаны жеңилдетүүчү чаралар колдонулбайт жана алар жаза мөөнөтүн толук өтөшөт.

XS
SM
MD
LG