Маалыматка караганда, Өзбекстанга алып келинген балдар тиешелүү борборлорго жайгаштырылып, бир катар процедуралар аяктагандан кийин туугандарына өткөрүлүп берилет.
Мекеменин билдирүүсүндө балдардын кандай себептерден улам ата-энесинин камкордугусуз калганы жазылган эмес. Алар Орусиядагы эрезеге жете электерге социалдык жана укуктук жардам көрсөтүү борборлорунда кармалып турушкан.
Балдарды мекенине кайтаруу иши Өзбекстандын Үй-бүлө жана аялдар комитетинин төрагасы баштаган түрдүү мекемелер менен уюмдардын өкүлдөрүнүн Санкт-Петербург шаарына жасаган сапарынын жыйынтыгынды уюштурулган.
Ошондой эле бул сапардын жүрүшүндө Орусияда иштеп жүргөн 300дөн ашык өзбекстандык аялдын эмгек шарттары изилденип, оор кырдаалга кабылган 10дон ашык аялдын мекенине кайтуусуна көмөктөшүү боюнча чаралар белгиленди.