Өлкөнүн Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, казак өкмөтү, Казакстандын Улуттук банкы жана молдовалык ишкерлер "Казакстандагы мунайгаз активдер боюнча талашты тынчтык жана өз ара түшүнүшүү жолу менен чечүү жөнүндө" алкактык макулдашууга кол коюшту.
"Тараптар бардык соттук териштирүүлөр менен бардык юрисдикциялардагы доо арыздарды токтотууга мүмкүндүк бере турган макулдашууга жетишти", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Ошол эле маалда анда кол коюлган макулдашуунун шарттары жөнүндө эч нерсе жазылган эмес.
Молдовалык ишкер Анатол Стати менен казак өкмөтүнүн ортосундагы соттук териштирүүлөр бир нече жылдан бери уланып келген. Казакстандын мунайгаз тармагына инвестиция салган Стати менен анын уулу Габриэль Стати казак бийлигин алардын менчигин рейдерлик жол менен тартып алууга аракет кылган деп айыптап, келтирилген чыгымды төлөп берүүсүн талап кылышкан. Өз кезегинде Астана бул дооматтарды четке кагып, Статилерди алдамчылыкка айыптаган.
2013-жылы Стокгольм соода палатасынын арбитраждык соту Статинин талаптарын жарым-жартылай канааттандырып, казак өкмөтүн 500 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген. Ишкер жалпысынан Казакстандан 4 миллиард доллардан ашык акча өндүрүп берүүнү өтүнгөн.
2017-жылы декабрда Казакстандын Улуттук фондунун активдерин тейлеген Bank of New York Mellon банкы фонддун 22 миллиард теңгелик активин тоңдурган. 2020-жылы апрелде Казакстандын Юстиция министрлиги бул камактагы сумманы 530 миллион долларга чейин азайтууга мүмкүн болгонун билдирген.