Ссылки доступа

Өлкөдөн чыгып кеткени айтылып жаткан өзбек аткаминери ЖМКларды "жалган маалымат таратпоого" чакырды


Комил Алламжонов
Комил Алламжонов

Өзбекстандын президенттик администрациясынын Маалыматтык саясат департаментинин башчысы Комил Алламжонов социалдык түйүндөрдө жана жергиликтүү басылмаларда "жалган маалыматтар көбөйүп жатканын" эскертти. Бул тууралуу ал 17-июлда Ташкентте жергиликтүү ЖМКлардын жетекчилери жана журналисттер менен жолукканда айтты.

Буга чейин маалымат айдыңында "ал кызматтан алынып, чет өлкөгө качып кеткени жөнүндө" кабар тараган.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясатын көзөмөлдөгөн аткаминердин дээрлик бир айдан бери коомчулуктун назарына чыкпай калышы – социалдык түйүндөрдө түрдүү божомол ойлорду жараткан.

Президенттик администрация мындай айың-кептер боюнча эч кандай комментарий берген эмес.

39 жаштагы Комил Алламжонов – Шавкат Мирзиёевдин администрациясындагы эң белгилүү адам. Ал Маалыматтык саясат департаментинин башчысы кызматына былтыр август айында дайындалган. Анда "Озодлик" радиосунун булактары Алламжонов "администрациянын вертикалында үчүнчү адамга айланганын" билдиришкен.

Өзбек өкмөтүнө алгач 2018-жылы бизнес тармагынан келген Алламжоновдун дарегине буга чейин монополияга жана кызыкчылыктар кагылышына байланыштуу бир нече айыптар айтылган. Бирок ал эл аралык журналисттерге берген маегинде өз бизнес-кызыкчылыктары үчүн бийликтеги абалын пайдаланганы жөнүндөгү айыптоолорду четке каккан.

2022-жылы президенттик администрацияга которулган Алламжонов ыктымал кызыкчылыктар кагылышынан улам "бардык бизнес-долбоорлорун жана компанияларын" башкарууну башка ээлерине өткөрүп берерин билдирген.

"Озодлик" радиосу өзбек өкмөтүндөгү өз булактарына таянып, Комил Алламжонов менен Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы, президенттин коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Отабек Умаровдун ортосундагы "согуш" жүрүп жатканын кабарлады. Булактын айтымында, Отабек Умаров ага байланышы бар экени айтылып жүргөн Ташкенттеги "таасирдүү мекеменин" ачыкка чыгып кеткенине ачууланууда. Умаров "жергиликтүү ишкерлер менен аткаминерлерге басым көрсөтүп келген" бул мекеменин ачыкка чыгарылышына Алламжоновдун тиешеси бар деп эсептөөдө.

Маалыматка караганда, бул билдирүүлөрдөн кийин аталган "таасирдүү мекемеде" текшерүү башталып, Умановго байланышы бар бир канча киши "Дубайга качып кеткен".

Өзбекстандын расмий мекемелери бул билдирүүлөр боюнча эч кандай комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG